SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жаштар арасында "мода" болуп калган сөздөргө кандай карайсыңар?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Азыркы жаштарыбыз башка тилдеги сөздөрдүн маанисин түшүнбөй туруп колдонуп келишет. Мурдатан кыргыз элибиз "Кудай буюрса", "ооз ачуу", "ооз жабуу", "адал", "арам" деп эле колдонуп келген. Бүгүнкү күндө "ифтар", "сахур, "иншалла", "халал" деп айткан элди көп көрүп калдык. Биздин замандаштар араб тилин бизге алып келели деп ойлоп жатышабы же бул сөздөр "мода" болуп калганбы?"
"Максат ажынын адамдар экиге бөлүнөт, араб жана ажаан деген жерин уктум эле... Ар ким өзүнө ыңгайлуусун айта берет деп ойлойм. Тобо, элге таң калам, арабдашып кеттик дешет, өзү капырлашып кеткенин билбейт".
"Азыркы жаштардын көп сөздөрүнө түшүнбөйсүң. Айбан, зынк, теке, дагы бир нерсе деген сөздөрдү айтып таң калтырат. Биз 11 жыл окуган мектеп, көп нерсени окуп үйрөнгөн китептерде да накта кыргыздын сөзү эмес".
"Мен үчүн эч кайсы бири көйгөй жаратпайт. Кимге кандай ыңгайлуу болсо, ошондой сүйлөй берсин (сөгүнгөндөн тышкары)".
"Ооз ачуу", "ооз жабуу" деп отурбай, "ифтар" деп койсок ыңгайлуу эле го дейм. Азыркы жаштар колдонуп жүргөн жаргондор абакта отургандар колдоно турган сөздөр экен. "От души", "зыңк", "базар жок" жана башка ушул сыяктуу түрмөнүн сөздөрүн колдонгуча, араб - мусулман элинин сөзүн колдонгон жакшыраак го дейм. Анткени биз мусулманбыз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.