Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына жана 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Ага ылайык, эркиндиктен ажыратуу жайларынан болжол менен 3374 адам бошотулмакчы. Алар:
1. Соттолгон жашы жете электердин саны – 11 адам (анын ичинен биринчи жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете электер – 2 адам);
2. 60 жаш курактан ашкан эркектердин, ошондой эле 55 жаш курактан ашкан аялдардын саны – 98 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);
3. I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин саны – 10 адам (баары оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон);
4. Экиден кем эмес жашы жете элек балдары же I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдардын саны – 245 адам;
5. Коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон, ушул мыйзам күчүнө кире турган күнгө карата жазасынын өтөлө элек бөлүгү бир жылдан ашпаган адамдардын саны – 1267 адам;
6. Биринчи жолу коркунучу азыраак жана анчалык оор эмес кылмыштарды жасаган адамдардын саны –
1862 адам.