3 жыл ичинде кыргыз жарандары 2942 баланы асырап алышты

3 жыл ичинде кыргыз жарандары 2942 баланы асырап алышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда кабарлады.

"Эл аралык бала асыроого 55 бала өткөрүлдү. Алардын 14ү 2008-жылы асыроого тыюу салынган кезде кайтарылган балдар. Министрлик мүмкүн болгон коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарды. Себеби эл аралык бала асыроо менен алектенген чет элдик уюмдарды аккредитациялоодо мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги жогорулады. Эми аккредитация жоопкерчилигин ИИМ, ТИМ, УКМК жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери алышты. Ал эми асыроо чечимин сот гана чыгарат", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз өлкөсүндө эл аралык бала асыроо менен алектенген 12 уюм катталган. Алар АКШ, Германия, Швеция, Финляндия, Нидерланды өлкөлөрүнөн. 6 уюм аккредитациядан өткөрүлгөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Xanbiyken
2016-06-16 19:09:26
Айиий аябай эле коп бул, айланайын балдарды таштап, мусорго ыргытып аткан айымдар, балдардын убалына калбай сактангылачы. Балдарды эмнеге кордошот мынча, наристелерде эмне куно,сактанганды билбесенер, баккандыда билгилечи. Же болбосо апанарга чындыкты айтсанар,эне байкуштар багып алат, олтуруп ыргытып сал демек беле.
+1
Nyrbany92
2016-06-16 19:41:53
Дагы жакшы асырап алышса.
+1
svan
2016-06-16 20:46:35
Таштай турган болсон,торобой эле койбойсунарбы.Кудай ыйман берсин кыргыздын кыздарына . Азыр болбосо кийин жооп бересинер баланын убалына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан