Бишкек шаарынын патрулдук милиция кызматкерлери коомдук унааларды текшерүүгө алышууда

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаарынын патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан борбор калаада атайын рейд жүргүзүлүүдө. Рейд учурунда коомдук унаалар текшерилип жатат.

"Бир канча жолу рейд жүргүзүп, коомдук унаалардын айдоочуларынан транспорттордун абалын жакшыртуу, калкты сапаттуу тейлөө талаптарын коюп жатабыз. Азырынча жылыш болбой жатат", - дейт Бишкек шаардык патрулдук милициясынын тескөөчүсү Абдыкулов Жыргалбек.

Жүрүп жаткан рейдде жүргүнчү ташуучу 184-каттамындагы унаанын мамлекеттик номеринин тагылганы, отургучтары жана жалпы абалы талаптагыдай эмес экени аныкталып, айып жайга токтотулду.

"Буга чейинки рейддерде 1300 протокол толтурулуп, 97 маршурттук такси айып аянтына токтотулган", - дейт Бишкек шаарынын патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Бишкекте Шаардык патрулдук милициянын рейди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
omu
2016-06-17 11:52:14
ушу маршрутканын номери жасалма эмеспи?
Желегибиз тескери, номуру туура эле турат?!
-1
avaz-t02
2016-06-17 14:14:14
omu,Ооба эми байкадым, сен жазганды окуп алып кайра карадым.
-1
_adil_
2016-06-17 17:39:49
Туура кылыпатышыптыр. Жарандардын коопсуздугун ойлош керекта. Бизде маршруткалар талапка жооп бербейт.
-1
sher.ella
2016-06-17 21:01:01
Милицияларды айдоочулар урже акчага жыгытты коросунор эртен рейд болбойт маршуруткалар мурдагы калпта эле иштейберет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан