Америкада окуган Наргиза Каныбек кызы: "65 миң долларлык окууга 5 миң доллар гана төлөйм"

Бүгүн, 17-июнда борбор калаадагы Касымалы Баялинов атындагы китепканада жаштар үчүн Америкада кантип окууга болору, андагы окуу жайларга тапшыруу, даярдануу тууралуу атайын талкуу түрүндө презентация болуп өттү. Презентацияга чет жерде окууга кызыккан мектеп окуучулары, жаштар келишти. Анда кыргыз жерине келишкен профессор Парк Муф жана кызы Грейс Муф Америкада окууну кыялданган катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

"Америкада престиждүү жогорку окуу жайлары көп. Студент өзүнө ыңгайлуусун тандап алуусу керек. Окуу абдан кымбат турат. Андыктан каржы маселеси - негизги көйгөйлөрдүн бири. Бекер окуу үчүн студенттин жетишкендиктери, алган баалары жогорку деңгээлде болуусу шарт. Ошондой эле окууга тапшырууда дил баян жазылат. Анда өзү тууралуу, жашоодо кандай максаттарды коёт, элине, мекенине кандай пайда келтире алат, кыскасы, студент өзүн бардык жактан ачып берүүсү шарт", - деп билдирди Парк Муф презентация учурунда.

Американын Вашингтон шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган мекендешибиз Наргиза Каныбек кызы чет жердеги окуу тууралуу мындай дейт:

"Чет өлкөдө кантип акысыз окууга болору тууралуу менден көп сурашат. Мен төлөйм, бирок аябай аз суммада. Негизи, окуу акысы 65 миң доллар, анын 60 миң долларын окуу жай, калганын өзүм төлөйм. Акысыз окуу үчүн англис тилин мыкты өздөштүрүү, адам өзүн ар тараптан көрсөтүүсү жана интернет аркылуу түрдүү программаларга документ тапшырып, өзүн сынап көрүүсү зарыл.

Ал жакта окуу оңой эмес, бирок мугалимдери абдан жөнөкөй, студенттерге жардам беришет. Албетте, каалоо, аракет болсо, бардык кыйынчылыктарды жеңсе болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Elmar
2016-06-17 14:59:53
5000доллар эмес 5000сом таап окуйалбал жургон жаштар миндеп саналат чет мамлекетте жалан чиновниктердин гана балдары окйут менимче.....
+13
MaRmeLaDka
2016-06-17 15:05:08
Elmar, сиз биринчи аракет кылып корунуз да, балким укмуш гений болуп кетсениз бекер деле окуп, жадакалса ишке да талашып алып калышса керек.
+4
hubabubba
2016-06-17 18:15:19
Жакшыраак аракет кылып Чиновник болуп койбойсузбу, балким Кудай буюруп баланыз окуп калаттыр ошол жактарда. Ар бир адамдын жашоосу оз колунда. Баарыбыздын "бирдей" убактыбыз бар. Ата-Энени эч качан кунолоо болбойт
-1
sultan89
2016-06-17 21:03:01
hubabubba,Баарыбыздын бирдей убактыбыз бар деген созун жакты)).
0
tashi62
2016-06-17 15:05:47
Менин досум бир жыл бекер окуп келди Америкада,программа менен өткөн эле.
+1
Futuro
2016-06-17 15:18:34
Америкада окуу миңдин бири. Келбетиңе кийимиңе карабайт мээңе карайт. Бизде шалбырап шлепка кийип барсаң кууп чыгат, укмуш окууруңду билбейт. Профессорду деле байкасаңар партага отуруп алган. Бизде этиканы сакта дешет.
+9
turna23
2016-06-17 15:25:46
Менин уулум оз билими менен эле отуп окуп билим алып журот. Жаштарга айтарым келечек озунордун колунарда. Жакшы окуп аракет кылгыла.
+5
yrysbek
2016-06-17 16:06:16
Эээ туугандарым менин Америка Бизди бекр окутуп жатат, Америка Биздии бекер каржылап атат деп суйунобузго, окуйлу пайдасын королу бирок Америка эч качан бироого бекер тамак сунуп бакпайт каржылабайт, аны созсуз келечекте озу учун пайдасын коруп жатпайбы, Бизде баарын каржылап жатат баарыбыз коруп билип атабыз, бирок Бизди алар эртенки куну кантип, эмне кылып оздорунун пайдасына кызмат кылдырганын озубузда билбей калабыз. Дуйнодо эмненин баарын Америка уюштуруп, Америка жасап жатат
+6
BAIELER81
2016-06-17 17:37:44
Виза канча турат Америкага балгендер жазып койгулачы сураныч?
0
hubabubba
2016-06-17 18:19:36
160 доллар турист виза, Окууга же Ишке отуш учун бул жакта туруп спонсор табышыныз керек. Же турист виза менен барып ал жактан табышыныз керек. 190доллар студент виза учун толонот.
+1
Ibi86kg
2016-06-17 21:58:08
Кантип барса болот экен а иштегени, билгендер болсо малымат болушуп койунуздарчы,Америкага.
0
PeRa
2016-06-18 00:07:20
Австрияда жакшы окусан, ПМЖ болсо, окуу бекер , айына мамлекет 800-1000 евро стипендия толоп берет.
0
barakcha
2016-06-20 14:52:13
PeRa,ПМЖ ны жон эле бере коймок беле?ПМЖ алыш эн кыйын проблемалардын бири.
0
ruslankg
2016-06-18 00:48:03
Турменстанда,пакистан,индия сыяктуу олколордо кыргызстанга барып окушту кыялданышат экен)))
+2
ad1027
2016-06-18 13:51:50
Бул байдын кызы эмес, туугандар. Аны мен тааныйм. Америкага сенин акчандын кереги жок. Болгону, билим денгээлин жакшы жана лидерлик жондомун болсо, алар сага кызыгышат. Анткени, дуйно жузундогу бардык жаштарды озулоруно тартуу-бул алардын идеалогиясын жайылтууга болгон эн женил жолу.
0
azema96
2016-06-18 15:52:13
Чет жерде окууда активдуу, аракетчил, китепти коп окуп логикасы жакшы болушу керек башкысы
0
admin_portal
2016-06-20 15:09:22
Erniet, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан