Талас облусунда да дарыялардын суулары көтөрүлө баштаганын 17-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, 16-июнда Талас шаарындагы Талас дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, ӨКМнын №17-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүштү.
Ушул эле күнү Талас районундагы Манас айылынын Манас көчөсүндө суу ташкындоо коркунучу болгондуктан, ӨКМнын №101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөөгө чыгышкан.
Ал эми 17-июнь күнү саат 04:30 чамасында Бакай-Ата районундагы Кызыл-Сай айылында Үрмарал суусунун деңгээли көтөрүлүп, жээгинен суу ашып жаткандыктан, ӨКМнын №93 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары учурда кум-шагыл толтурулган каптар менен бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.