СУПЕРСТАН: "Эч ким чыныгы сүйүүсүнө жетпейт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөнү менен түбөлүккө коштошкондор барбы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен өзүмдүн башымдан өткөн окуяны айтып берейин. Ошол мезгилде аны менен акыркы жолу жолугуп, коштошуп жатканыма өзүм да ишенген эмесмин. Анын көздөрүндө мөлт-мөлт аккан жаш калды. "Сүйүү ушундай болсо, мен эч качан сүйбөйт болчумун" деген ойдо калдым. Мен ага "бактылуу бол" деп коюп кете бердим. Кийинки күнү эртең менен ойгонуп, аны менен бирге өткөргөн күндөрүмдү эстеп карегимден жаш тегеренди".

"Эч ким чыныгы сүйүүсүнө жетпейт, ошондуктан сүйүү дастандары жазылат. Эгер сүйгөнүңө жетсең, ал сүйүү барксыз".

"Мен эч качан аны менен кезикпесем керек. Ал алыста. Бир гана айтарым, бактылуу бол, армандуу махабатым!"

"Эх, сүйүү... Бардык адамдын башын айлантат экен да. Мен да сүйүүм менен коштошком, ал күн эч эсимден кетпейт. Жашоо алдыда, балким, бир күнү кезигербиз. Эгерде жолдор чын эле башка болсо, мен ага бир гана бактылуулук каалайм".

"Мен сүйүктүүмдү жүрөгүмдүн түпкүрүнө сактап койгом".

"Сүйүктүүң менен коштошуу - кыяматтын келиши эмес. Жашоо улана берет".

"Эх, жүрөгүм, жүрөгүм... Мен студент кезде сүйүүгө жолуктум. Кандай гана бактылуу элек, бирок ал күндөр менен түбөлүккө коштошконбуз, ал күндөр эч качан кайтып келбейт. Айла жок, эсибизде гана сактап жүрөт экенбиз. Азыр өз турмушум менен алекмин. Аны кээде гана сагынып, көзүнөн көзүмдү албай сүйлөшүп отургум келет, бирок эч качан андай болбойт".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Gulya21
2016-06-17 13:53:09
Мен али суйуп коро элекмин суйуу азап болсо суйбой эле койгон жакшы экен
+2
Shat.88
2016-06-17 14:10:27
Gulya21,суйууго жолуккан адамды бактылуу деп эсептейм себеби суйуу аркылуу жашоонун ,дуйнонун манызын тушунуп, адамзаттык идеология, психология туптолгон менде,суйсонуз жащоонун кызыгын тушуносуз деген ойдомун, андыктан бир келген жашоодо суйууго кабылбай калуу окунучтуу.
+3
Asyl19.09.90
2016-06-17 15:58:24
Gulya21,суйуп корсон куурайдай болуп арыктап козуно ошол адамдан башкасы корунбой калат
0
talant87
2016-06-17 14:08:01
жептир ошол адам
+1
HEIIO.KG
2016-06-17 14:23:27
оба, чыныгы суйууго жетиш отоо кыйын ...
0
mma_fighter
2016-06-17 14:25:22
Мен али суйуп коро элекмин
0
tashi62
2016-06-17 15:07:29
mma_fighter,сүйүп көп кызык болот
0
admin_portal
2016-06-17 14:49:33
HEIIO.KG, мааниси бирдей билдирүүнү кайталап жазуудан алыс болуңуз!
0
salimbek87.kg
2016-06-17 16:01:41
Чыныгы суйуу турмуш кургандан к.н башталат деп ойлоймун.
0
nemo2016
2016-06-17 16:41:34
Суйуу суйуу деп койот суйуу адамды жеп койот суйууну билбегендер я тебя люблю деп койт
0
baktybek90
2016-06-17 21:48:20
журогум ооруп кетти
0
Mech.kg
2016-06-19 16:55:23
Ха ха бирок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан