SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өз өмүрүн баалабагандар" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Акыркы убакта өзүнүн жанын кыйгандардын дээрлик баары 15, 16, 17 жаштагы өспүрүмдөр экен. Алардын ата-энелеринин ыйлаганын көрүп менин да ыйлагым келди".
"Ата-энесинин урушканына чыдабай таарынып, өз өмүрүнө кол салгандар бар экен, тобо. Бизди да ата-энебиз урушуп, урчу, бирок биз жаман сүйлөгөн эмеспиз. Жарым сааттан кийин унутуп калчу элек. Азыркы жаштардын психологиясынын өзгөрүшүнө эмне себеп болуп жатат? Ойлоп отуруп себебин таппайсыӊ, же буларга ата-энесинин көңүл бурбаганы себеппи?"
"Суициддин болуп жатканынын себептери абдан көп, үй-бүлөдөгү түшүнбөстүк, теӊтуштарынын арасындагы бөлүп-жаруу, жоопсуз сүйүү же депрессия. Акыркы мезгилде көп болуп жатканынын себеби, өспүрүмдөр өздөрүнүн көйгөйлөрү менен жалгыз калып жатышат. Дагы бир себеби, чыныгы дүйнөгө көп аралашпай, вирт дүйнө менен жашашат".
"Өзүнө кол салгандардын 10 пайызы оор турмуштун запкысына кабылып, өз жандарын кыйбаса, калган 90 пайызы жашоо менен күрөшө албаган алсыз адамдар деп эсептейм. Өлсө өзүнүн шору. Жакындары 5 күн кайгырышат, анан унутулат. Эне байкуш эле эч унутпай, жүрөгү сыздап өтөт өмүрдөн".
"Жаш балдардын психологиясы бузулган. Башына бир кыйынчылык түшсө эле "өлүп алсам кутулат элем" деп чоң кишилер айтып жатышса, жаш балдар "өлсөм кутулат элем" деп өздөрүнө кол салып жатышат. Жаштарга тарбия берүү тамырынан өлгөн".
"15ке чыккан балама ушул боюнча суроо бердим. Суицид деген эмне экенин билмек тургай, кимдер өз өмүрүнө кол саларын өз көз карашы менен айтып берди. Анын айтымында, "гот" ,"эмо" деген топтор бар экен, алардын ичинде өз өмүрүн кыюу "мода" дейт. Баламдын бирге окуган классташ кызы курбу кыздарынын мазактап, теӊсинбей койгонунан улам мектептин терезесинен боюн таштаганга аракет кылган экен. Ал кыз бир ай мектептеги психологдун көзөмөлүндө турганын айтып берди. Мен да уулума билгенимди айтып бердим".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.