Жалал-Абад шаарында тилемчилик кылып, жол коопсуздугун жараткан лөлү улутундагы 18 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында тилемчилик кылып жүргөн 18 адам кармалды. Алар Ош шаарында туруктуу жашашат. Тилемчилик кылуу үчүн Жалал-Абад шаарына келип бир канча күн турушары бергилүү болду. Кармалгандардын ичинен 10го жакыны жаш балдар.
"Шаардагы унаа жолунун ортосунда тилемчилик кылган лөлүлөр кооптуу абал жаратышууда. Тилемчилик кылгандардын арасында 10-12 жаштагы балдар да бар. Кармалган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Ош шаарына жеткирилишти", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.