Милиция кызматкери күзөттө жайкы тапичке кийип турганы үчүн коомчулуктан кечирим сурады

Кечээ, 16-июнда SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына милиция кызматкери жол күзөттө жайкы тапичке менен турганы тууралуу кабар жарыяланган. Окурман: "Муну кантип түшүнсө болот? Биздин унааны токтоткондо милиция кызматкеринин бутунда байпагы жок экенин, Кытайда чыгарылган жеңил тапичке кийип алганын көрдүк. Үстүндөгү формасына ылайыктап жакшынакай эле бут кийим кийип албайбы..." - деп билдирген.

Өзүн Насирдин деп тааныштырган жигит Кара-Буура райондук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул-күзөт кызматында 7 жылдан бери иштеп келе жатканын айтып, эмне себептен күзөттө жайкы тапичке кийип турганын билдирди.

"Буга чейин уставдык форманы бузган эмесмин. Бутумда экзема бар. Ал күн ысыкта күчөйт. Дарыгер бир маал май сүйкөп тур деп айткан. Жаңы эле бутума май сүйкөп, шамалдатып коёюн дегем. Ошол маалда унаалар дагы толуп кетти. Кесиптештерим жетишпей жаткандыктан, айдоочулардын убактысын кармабай документтерин тез-тезден текшерип, коё берейин деп эле жардамдашып жүргөм. Ошол кабарды окуп, өзүм деле уялып жатам. Жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деди Кара-Буура РИИБинин Кайгуул-күзөт кызматында иштеген Насирдин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Futuro
2016-06-17 16:30:53
Красаучег! Моюнга алып кечирим сураганды билет турбайбы. Эми бузба уставтык ворманы. Шамалдатам десең унаага отуруп ал эшигин жаат терезелерин ачып сквозняк кылып. Документти шеригиң текшерип туратт 10мүнөт.
-14
bekhaliev
2016-06-17 16:56:06
Futuro,эмне деп койдун
+9
Palan4a
2016-06-17 17:09:36
Futuro,анда дагы жарыялап жазмак "биздин гаилер отурат?! Иштебейт?!" деп. Себебин билбей эле!

+3
borbuk
2016-06-17 16:33:29
ушул кабарды жоноткон адам ,кечирим сурап койсун ,ошол милиция дан
-4
12.12.12
2016-06-17 16:35:27
Ким билет? Бул дагы шылтоо чыгар да. Анда жай келери менен эс алып, уйдо эле жатыш керек. Жакшы иште эми.
-4
makemake1979
2016-06-17 16:56:17
Менин жумушумдагыдай экен го ха,ха ысыкта өтукчөн,чечсен ток урат. Булар болсо элден уялат чечсе. Эх баары бир ар бир кесип ардактуу: ):):)
0
tashi62
2016-06-17 17:12:50
Эми жатканда да чечпейт экенда
+4
admin_portal
2016-06-17 17:59:42
Futuro, жеке билдирүүлөр купуяга!
-2
Munar8625
2016-06-17 18:04:40
Элдик кабардын женуучусу бол.
+1
Respect.
2016-06-17 18:37:50
Ушул балага смартфон бергиле, өзүнүн телефону анча тартпайт экен. Суперден алган смартфон менен көп көп жаңылыктардан жөнөтүп турсун.
+5
Ibi86kg
2016-06-17 19:01:04
Эми форма мн туфли кийип турганын суротко тартып жибергиле,молодец мойну на Алды эми адашпаган адам болбойт тура.
+4
mishonia8077
2016-06-17 21:43:37
Ыйык орозо айында бироонун айыбын ачпай эле койсон болмок.Смартфон учун да э
+3
Respect.
2016-06-17 23:09:48
mishonia8077, башка мамлекеттик кызматта иштегендерге сабак болсун.
-2
ss90
2016-06-18 02:48:17
байкеге ыраазы болуп калдым....
0
Azizbek.kg8
2016-06-18 03:48:59
Азаматсын кечирим сураптыр сын.
0
ad1027
2016-06-18 13:45:38
Азаматсыз, Насирдин байке! Сиз коомчулукка улгу боло турган адам экенсиз. Оз куноонузду мойнунузга алып, себебин тушундургондугунуз биз учун чон сабак. Ак ийилет, бирок сынбайт! Ар дайым чындыкты айтып, актыгыныздан жазбаныз.
0
nurkasym-2014
2016-06-18 22:07:05
Комчулуктан кечирим сураптыр.Бул жакшы адамдык сапат.Жуйоосу бар экен.Болдугула эми кчке эле ушуну коро калгансыбай.
0
Rahim76
2016-06-18 22:46:13
Эркек мойнуна алып кечирим сураптыр.Башкаларга окшоп кайра беттен алса эмне кылмак элек.Азамат бутун силерче аягын кармап колун жуубай анан документерди кармай берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан