SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Маршруткада баратып башка бирөөлөрдүн телефонундагы каттарды окуп калдыӊар беле?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен эртеӊ менен маршруткада тыгылып келе жатып, менин жанымда араӊ карманып турган жүргүнчү телефондон жан талашып бирөө менен жазышып жатканын көрдүм. Ошондой тыгылышта ким менен эмне деп сүйлөшүп жатканы мага кызык болду. Достору менен бир окуя тууралуу жазышып жатыптыр. Бир чети башка бирөөнүн катын окуганыма уялсам, бир чети ошондой тыгында кантип жазышып жатканына таӊ калдым".
"Бир жолу окуп калгам. Бир жигит кайсы бир кызга СМС жазып жатыптыр. Бир сүйлөмдү жазат, кайра өчүрөт, кайра башынан жазат, кайра өчүрөт. Бери жакта туруп "ушундай эле жазып жибере бербейби" деп чыдамым кетип калды".
"Бир жолу маршруткадан бир байкенин жанына отуруп калып, жазышканын окугам. "Жаным, кызыл ич кийимиңди кийип даярданып тур, мен баратам, бүгүн карызымдан кутулам" деп жазып коюптур. Үйгө келип алып "карызынан кутулуп жатат го" деп аябай күлкүм келген".
"Мен жазышып жаткан болсом, башка бирөө окуса жиним келет. Жат адам эмес, тааныштарыма да окутпайм. Андыктан мен да бирөөнүн жеке жашоосуна көз салгым келбейт".
"Кээде көзүм түшкөндө карасам керек. Окубайм деле, окусам деле мага түшүнүксүз. Бир жолу бир кишини байкагам, WhatsApp`та отуруп, үйүнө жетейин дегенде баарын тазалап, интернетин өчүрүп салат экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.