Мык жана жип колдонулуп тактайга түшүрүлгөн Чыңгыз Айтматовдун портретинин аукциондогу баштапкы баасы 300 миң сом болот

Өнөрпоз кыргыз жигиттеринин бири Азамат Жаналиев жакында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портретин мык жана жип колдонуп тактай бетине түшүргөн. Автор бул эмгекти аукционго коюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу А.Жаналиев SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, учурда портрет Бишкектеги ресторандардын бириндеги сүрөт галереясында турат. Портретти өнөр адамдары көрүп, аукциондогу баштапкы баасына кызыгышкан. "Мен башта сүрөттү 88 миң сомго сатууну пландап жаткам. Адистер келип, портретке жогорку баа беришип, баштапкы бааны 300 миң сом кылууну сунуш кылышты. Мен макул болдум. Учурда аукционго катыша тургандардын тизмесин тактоо, толуктоо иштери менен алек болуп жатабыз", - дейт А.Жаналиев.

Кошумчалай кетсек, аукционду 26-июнда өткөрүү пландалууда. Анын жүрүшүнө залкар жазуучунун санаалаштары, жакындары да күбө болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Umar.
2016-06-17 18:24:42
Молодец
0
Sobr777
2016-06-17 18:29:04
Анчалык окшото албаптыр. Сулуу эле кишини
-6
daniel_kadyrov
2016-06-17 18:34:11
Sobr777,сен ошончолук окшотуп карандаш менен тарта аласынбы?! Бул жигит жип менен мыктын жардамында тартып жатат
+6
sagyn01
2016-06-17 18:42:40
Баштапкы баасы ото жогору, керегинен ашыкча жогору коюлган.
+5
Rifle_S
2016-06-17 20:43:42
sagyn01,
Ар ким өзүнүн эмгегин өзү бааласын, калганын эл чечет.
+2
Zhannarbek
2016-06-17 18:49:55
Азамат, ушундай таланттуулар көбөйө берсин.
+1
elif
2016-06-17 20:48:47
Азамат! Онорун оркундой берсин!
+1
kg_boy__91
2016-06-17 21:27:36
Азамат тим эле 3д
+2
baktybek90
2016-06-17 21:41:57
онорун болсо орго чап деген ушуда
+1
bahbrat
2016-06-17 21:54:39
Азамат!
0
ikitaidesu
2016-06-17 22:02:02
флаг мин долларга сатылды эле... Эми дагы байлар чыгып калаар.
+1
Aliya_ahunbaeva
2016-06-17 22:53:14
Негедир Чынгыз Айтматов жонундо соз болсо, или эстеп калсам тоок ура берет жандуйномду Айтматовдун Кылымында торолгонумо сыймыктанам.
-2
Zarema94
2016-06-18 00:51:55
Aliya_ahunbaeva,:-/ тоогунуздун урганы жакшы экен...
+2
ss90
2016-06-18 02:41:48
Zarema94,
))
0
ruslankg
2016-06-18 00:36:13
Айтматовтун кадыр баркын олгон куну сезгем эч эсимден кетпесе керек ошол кун эрте менен универге барсам баары эле ыйлап журот.
+1
Svoboda83
2016-06-18 00:59:29
Акча дегенде баарын кылат ради деньги эч ким озу учун кылбайт
0
Azizbek.kg8
2016-06-18 03:47:14
88минден эле баштабаптыр 3оомин сом көп э меспи
+1
miss-998
2016-06-18 12:09:21
Жакшы жакшы
0
Palan4a
2016-06-18 15:28:46
Жакшы!
Менде бир ой бар (озумдун ойумду айттым). Ушул акционду чет жакта откорсо жакшы болмок беле?! Албетте мумкунчулук болсо!
Себеби Кыргызстандын аты чыкмак! Экинчиден Ч. Айтматовту баалагандар коп. Дегеним бизге караганда алар, кобуроок толойбу деп ойлогом?!…
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан