Жайкы эс алуу сезонуна карата Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди 17-июндан тарта “Бишкек I” станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштаган. Бул каттам менен кетүү жүргүнчүлөргө кандай эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулаарын төмөнкү сүрөттөрдөн байкоого болот.
Белгилей кетсек, жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:40та. 1 мүнөт эрте да, кеч да кетпейт. Андыктан өз убактысында келүү керек. Поезд Балыкчы шаарына болжол менен 5 саатта кирип барат. Бир тарапка барчу билеттин баасы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Балыкчыга чейин чоңдор үчүн 69 сом, балдарга (10 жашка чейин) 35 сом.
Каттам жаңы эле ишке киргендиктен жана учурда Орозо айы болгондуктан, эс алууга жөнөгөн жүргүнчүлөр аз. Көпчүлүгү таң эрте туруп жөнөшөт, мындан улам чырым этип бараткандарды кездештирүүгө болот.
Поезд тоолорду, айылдарды аралап, атайын станцияларда 3-5 мүнөткө токтоп, жүргүнчүлөрдү алып жатты.
Терезесинен жаратылыштын кооздугун көрүүгө болот. Кээ бир жүргүнчүлөр уйкунун ордуна терезени тигиле карап, кооздукка суктанып баратышты.
Узун жолду кыскартуунун эң жакшы жолу - маектешүү, шахмат ойноо, анан, албетте, мезгилден артта калбай "Супер-Инфо" гезитин окуу. Поездде баратып аталган гезиттин окурмандарын да кездештирдик.
Поезддин коштоп жүрүүчүлөрү ар бир жүргүнчүнүн коопсуздугуна жооп беришкендиктен, баарын дыкат текшерип, көзөмөлдөшөт. Ошондой эле ар бир жүргүнчүгө жылуу мамиле жасап, убактысы боло калганда баарлашып, жүргүнчүлөргө жумуш учурунда болгон кызыктуу окуяларды айтып берип жатышты.
Кызматкерлердин айтымында, кызыктуу окуяларга көп эле кабылышат. "Түрдүү тагдырдагы, мүнөздөгү адамдарга кез келебиз. Баарына бирдей мамиле жасап, керек учурда милиция кызматкерлеринен да коргоого туура келет. Учурда жаш кыз-келиндер чет жерге иштегени кетип жатышат. Ал жактан боюнда болуп, келе жатканда поездде төрөгөн учурлары да болот. Андай учурларда биз тамашалап "поездде төрөлгөн наристелерге жетекчинин ысымын ыйгарабыз" деп калабыз. Өлкөбүздө жумуш орундары көп болсо, жаштар да чет өлкөгө агылып кетпейт эле. Кыйналган жаштарды көрүп, ата-эне катары жүрөгүбүз ооруйт", - дешет поезд кызматкерлери.
"Бир жолу Москва-Бишкек каттамына кош бойлуу жаш келин түшүп калды. Түркстанга (Казакстандагы шаар) келгенде толгоосу башталды. Ага чейин деле төрөткө катышып калгандыктан, коркунуч деле болгон жок. Атайын бир купени алып, шейшеп менен тосуп койдук да, төрөтө баштадык. Келиндин биринчи төрөтү экен, ага карабай жеңил төрөп алды. Анан Түркстан аймагынан "Тез жардам" кызматы келип алып кетти. Баарыбыз тамашалап, наристеге жетекчибиз Сатар агайдын ысымын ыйгардык",- дейт Асымкүл Майчинова.
Белгилей кетсек, 17-июндан тартып 31-августка чейин күн сайын аталган багыт боюнча поезд каттайт. Балыкчы шаарына жеткенде андан ары Чолпон-Ата шаарына маршруттук каттам же такси менен кетүү керек. Поездден түшкөн жүргүнчүлөр жергиликтүү айдоочулардын талашына түшүп, жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн көтөрүп кеткенге чейин барышат. Маршруттук каттам менен жетүү 120 сомго барабар болсо, такси кызматы 150 сом турат. Бирок сүйлөшүп, баасын 20-30 сомго арзандатууга мүмкүн.
Учурда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолунда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы абалы тууралуу жакында SUPER.KG порталынан атайын даярдалган материалдан көрө аласыздар.