Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ысык-Көлдө быйылкы туристтик сезондо коомдук тартипти камсыздоого Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын даярдыгын текшерди. Бүгүн, 18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы эски аэропорттун аймагында ОИИБдин өздүк курамынын гарнизондук саптык тизими өттү.
"Туристтик сезон маалында Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздашыбыз керек. Жарандар менен мамиле кылууда ар бир милиция кызматкери сылык, маданияттуу болушу шарт. Мыйзамдуулукту жана тартипти бекем сактоо баарынан маанилүү. Мындан тышкары кылмыштуулук, өзгөчө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү керек", - деди Жунушалиев.
Маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө 32 курорттук мекемеге 187, облус жолдоруна 81 видеокөзөмөл орнотулду.