Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр кароодон өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Жер-Yй-1, Жер-Yй-2 жана Четинди табигый тоо көлдөрүнүн деңгээлин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоң райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жер-Yй айылынан 2 адам текшерип келди. Алардын айтымында, көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу жок. Маалыматты 18-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевге, министрликтин Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиевге жана министрликтин облустук башкармалыктарынын башчыларына бийик тоолордогу жырылып кетүү коркунучу бар табигый көлдөргө байкоо жрүгүзүп, тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырмасын берген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zolushka89
2016-06-18 23:51:34
Суротунон караганда кымындай эле бир нерсе го.а так мурдагы жылы жарылганда не деген кана жерди каптаган эмес.уйдой болго таштар аккан.азыр жер уй айылынын эли коркунучта жашап атышат.ар бир кунун аран откоруп.абдан коопту абалда азыр кол.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан