Кара-Кулжа районунун бир катар айылдары суу каптоо коркунучунда

Кара-Кулжа районунда 16-июндан 17-июнга караган түнү жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, Капчыгай айыл аймагындагы Туюк-Таш суусунун нугуна көлөмү 40 000 метр куб болгон шагыл түштү. Мындан улам Кара-Таш айылын сугат суу менен камсыз кылуучу арыктан ашып, турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу пайда болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. "Жергиликтүү калктын күчү менен суунун нугу бурулду. Сел жүрүү кайра кайталанса, турак жайларды суу каптап кетүү коркунучу бар", - дейт министрликтин маалымат кызматы.

Мындан тышкары Чалма айыл аймагында сел жүрүп, Буйга айылынын Ж.Абидинов атындагы орто мектепти жана турак жайларды суу каптоо коркунучу жаралган. Дагы сел жүрсө, бул аймакты да суу каптоо коркунучу бар экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Palan4a
2016-06-18 15:31:01
Кудай сактай кор! Эмне деген эле заман болуп атат?! Тынч эле болушса экен!…
+2
Asyl19.09.90
2016-06-18 15:48:49
Кудай сактасын менин Кара-Кулжамды
+4
zoichka
2016-06-18 15:49:04
Чалма Буйга оскон жеримди кудайым боодо кырсыктан сактасын
+1
ledi12
2016-06-18 17:01:59
zoichka,чалмадансынбы? Жердеш экенбиз
0
sagyn01
2016-06-19 04:41:57
zoichka, жалпы кыргыз жерибиз аман болсун
+1
KGstan1981
2016-06-18 15:59:05
Союздун кезинде дарьялардын жээктерине чон таштарды алып келишип дамба кылышат эле.Азыр дагын кылса болот бизде эмне коп таш коп бир гана ташуучу транспорт эксковатор жана куйучу май керек
+1
buiga
2016-06-18 16:30:37
Буйганы кудай сактасын.Тынч эле болсо экен.
+1
Asai
2016-06-18 16:34:27
Кудайым эли жеримди боодо кырсыктан озун сакта
+2
akyn-jurogu
2016-06-18 16:50:48
Ушул жылы сел журуу, кочку журуу дегендер коп болуп атат, тушунбойсун...
+4
uluk92kg
2016-06-18 17:04:14
бул жерде адам жашаган уйлор корунбойтко
0
tashi62
2016-06-18 17:55:38
Ак көйнөк кырлуу шым кийгендерго
0
Futuro
2016-06-18 22:30:38
Э булар туфли көйнөк кийип алып эмне кылып атышат? Жэ сүрөткө түшүп коелу деп иштемиш болуп калышканбы?
0
Azizbek.kg8
2016-06-18 22:36:16
Аябай кооз жерлерге
0
shaadat.kg
2016-06-18 23:05:14
карапайым эл өзүңдөн өтөөру жок мчстегилер кырын чыгарып форма кийип турат бирден бирден таш ыргытып курсак чампайтып иштебей эле айыл адамдарына керек иштеп жатышат
0
mi-li-na
2016-06-19 10:03:17
Ж.Абидинов орто мектеби жок эле го, А.Акматов эмеспи или я ошибаюсь?
0
gulia90
2016-06-19 17:37:32
Буйгам тынч болсун, Буйга менен бутун турат жер шаары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан