Бүгүн, 18-июнда Ош шаарындагы медицина кызматкерлеринин арасында “Ден соолук-2016” Спартакиадасы старт алды. Иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Ош шаары жана Ош облусу боюнча саламаттыкты сактоонун координатору Абдылатип Шамшиев, медициналык мекемелердин кызматкерлери жана шаар тургундары катышканын мэриядан кабарлашты. Калкынын дени сак мамлекетти курууда медицина кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис экенин белгиледи Аскаров.
Спорттун 5 түрү боюнча өткөн мелдешке жалпы 14 команда катышууда, байге фонду - 100 миң сом.