Орусиялык "Forbes" Бостери курорттук аймагын эс алууга мыкты жерлердин тизмесинде 2-орунга койду

Орусиялык "Forbes" журналы 18-июнда Египет жана Түркиянын ордуна дагы башка кайсы шаарларга эс алууга барууга мүмкүн экенин жазып чыккан. Анда Ысык-Көл облусундагы Бостери айылына эс алууга мыкты жерлердин тизмесинде 2-орун ыйгарылган.

"Бул жайда орусиялыктар Синай жана Түркияга бара алышпайт. Бирок дүйнөдөгү башка да жерлерде деңиз жээгинде, күндүн алдында, экскурсиялар менен эс алууга болот", - деп башталат макала. "Бостери - Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан курорттук аймак. Ал "кыргыз Байкалы" болуп эсептелет. Бишкекке чейин учак менен, андан ары такси, автобус же маршруттук такси менен жетүүгө болот. Бостериде мейманканалар, пансионаттар жетиштүү санда. Ысык-Көл - ден соолуктун булагы, себеби минералдык сууларга, дарылоочу баткакка бай. Жадатма пансионаттарга караганда Бостериде ар кимдин табитине жараша сунуштар көп: тоолорго экскурсия, трекинг, альпинизм, көлдү кеме менен кыдыруу", - деп жазылат макалада.

Мындан сырткары эс алууга кетчү төлөм акылары да жазылган. Тизмеде биринчи орунду Азербайжандын курорттору ээлеген. Ал эми калган 8 орунда Болгария, Черногория, Кытай, Греция, Португалия, Франция, Италия турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Patriot..kg
2016-06-20 09:47:05
Жакшы жанылык
+4
new_hacker
2016-06-20 09:48:12
жакшы кабар экен
+2
shamilaisan
2016-06-20 10:07:45
Ооу жакшы жаңылыктар
+2
salimbek87.kg
2016-06-20 10:23:14
Кыргызымдын кандай кооз жайлары бар, кооз жана абасы таза.Кыргызстаным менен сыймыктанам ,
+2
nemo2016
2016-06-20 10:27:46
Биз мн иштеген орустар суктана беришет силер кыргыздар сонун жерде жашайсынар деп суйуунуп калам кыргыз болуп туулганыма сыймыктанам
+2
Ulan_eshbaev87
2016-06-20 10:43:38
Ысык-Кол кыргызстандын эле эмес буткул дуйнонун бермети.
0
Adyl84kg
2016-06-20 10:55:00
Биздин олко кооз жаратылышы менен адам баласынын коз жоосун алган олко.Андыктан баарыбыз ошол жаратылышты коздун карегиндей сакташыбыз керек!!!КЫРГЫЗСТАНДЫ САГЫНДЫМ!!!
+3
zhykyo
2016-06-20 11:20:01
Ооо ыйлагым келип кетти суйунгонумон
+1
Bakyi
2016-06-20 11:50:50
Мекеним менин ыйык жер, тоолору бийик
Колдору кооз Forbes журналынан орун алган.Чакырайлы жалпы журтту Мекеним Кыргызстанга
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2016-06-20 11:54:26
Курулуштар,техникалык жабдыктар , ж.б. заманбап жабдыктар менен жабдылса,Ысыккол эс алууга ынгайлуу дуйдондо 1-орунга чыгат. Эн негизги артыкчылыктарды кошо жазса болмок журнал,мисалы;суусу булганбаган тунук,абасы таза,продуктулары экологиялык жактан таза жана нукура,эн башкысы капчыка ынгайлуу,баары эн арзан баада.
+5
AKCAHAT
2016-06-20 14:18:29
Инвестициянын булагын Ыссык Колго карап буруш керек , налогдорду азайтып колдо бизнести кенейтууго шарт тузулуп берилсе ажеп эмес биз деле туристтердин эсебинен байып онугуп кетсек.
+1
KGstan1981
2016-06-20 14:38:37
Дагыда эле сервисти онуктуруш керек.Ыссык-Кол жон-до рекламаларды чыгарыш керек.Жолду ондош керек.Пансионатта иштеген кызматкерлерди адамгерчилике уйротуш керек орус жана кыргыз тилден тышкары англис тилин билиштери керек.Коопсуздукту кучотуш керек.
+2
kgalik
2016-06-20 15:50:07
Эн жакшы жанылык экен, суйундум, Админ силерден сураныч, Ыссык-кол аркылуу кыргызстанга жылына канча пайда келет сурап тактап жазып чыкбайсынарбы?
0
bokochooo
2016-06-20 19:24:20
Беркинден чектирип коюшпатырда чектирип койгондо биринчи оорунда деп жазышмак ))))ката озубуздон кетип калыптыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан