Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргыз Республикасына 13,4 миллион доллар көлөмүндө насыя бөлүп берет. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, ЭВФтин Аткаруу кеңеши кеңейтилген насыялык механизмди колдонуу жөнүндө 3 жылдык келишимдин алкагында кыргыз өлкөсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн карап, аталган көлөмдөгү акча каражатты бөлүүнү чечти.
"КРнын Улуттук банкы жүргүзүп жаткан саясат экономикага пайда алып келүүдө. Улуттук банк мындан ары структуралык реформаларды улантууга, башкарууну жакшыртууга, коррупцияны төмөндөтүүгө жана өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө болуусунан пайда алууга аракет жасашы керек", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Эл аралык валюта фонду - Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси. Азыркы убакта бул фонд дүйнө жүзү боюнча 187 мамлекетти бириктирет. ЭВФ кыска жана орто мөөнөттөгү насыяларды мамлекеттин төлөм балансы дефицитке учураганда насыя берет. Жагдайды жакшыртуу үчүн насыяны бергенде ар дайым ар кандай шарттар жана сунуштар берилет.
Фонддун негизги максаттары: