Ички иштер министрлиги: Ысык-Көлдө коопсуздукту сактоого ар бир жетекчи жоопкер

Ички иштер министрлиги туристтик сезонго карата Ысык-Көлдө милициянын милдеттери такталганын бүгүн, 20-июнда билдирди. Маалыматка таянсак, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев 18-июнда облустагы шаардык жана райондук милиция башкармалыктарынын башчылары менен чукул кеңешме өткөрүп, туристтик сезондо коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, бардык эс алуучуларга сый мамиле жасоо жана түрдүү маалыматтык жана юридикалык жардамдарды көрсөтүү сапатын жакшыртуу тапшырмасын берди.

"Айрыкча жер-жерлердеги жетекчилердин ар бири өздөрүнө тиешелүү аймакта коомдук тартиптин сакталышына керт башы менен жооптуу экени эскертилди. Кошумча тапшырмалар берилип, аларды кынтыксыз аткаруу боюнча милдеттер жана иш пландар белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан