Жай келип, эс алууга чыккандар кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдү көздөй сапар алышат. Тоонун абасы, көз жоосун алган жаратылыш адамды эс алдырып, өзгөчө энергия тартуулайт. Жайкы сезон башталганы менен, учурда эс алуучулардын саны аз. Сүрөттөр топтому сизди көл жээгине саякатка алып барат.
Эс алуучулардын арасында өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөдөн келген туристтерди көрүүгө болот. Учурда Орозо айы жана аба ырайы да жаанчыл болуп жаткандыктан эс алгандардын саны аз.
Күндүн салкындыгы, суунун муздактыгына карабай жаш балдар көлгө түшүп жатышты.
Көлгө түшүүгө даярдык...
Позитивдүү эс алуучулар
Бишкек шаарынан небереси менен келген эс алуучу
Агасы инисине сууда сүзүүнү үйрөтүп жатты.
Көл жээгиндеги купальникчен селкилер...
Романтиканы сүйгөн эс алуучу кумга жүрөкчө тартып жатты.
Cанаторийлердин биринин директору Жалил Бозгорпоевдин айтымында, жайкы сезонго карата даярдыктар толук бүттү. Коӊшу Казакстандан жана Орусиядан туристтердин көп келүүсү күтүлүп жатканын айтты.
"Быйыл жаан-чачын көп жаап жана учурда Орозо айы болгондуктан, эс алуучулардын саны аз. Кыргыз жеринде тынчтык болуп турса, эс алуучулар да көп болот деп ишенебиз, себеби чет жерден келчү коноктор өз коопсуздугун ойлоп, тынч аймактарды тандашат. Бул жылы коӊшу Казакстандан жана Орусиядан туристтердин көп келүүсү күтүлүп жатат.
Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларда тейлөө кызматы кымбат дегенге кошулбайм. Бардык кызматтарды кошуп эсептегенде тейлөө акысы 1500 сомдон 2500 сомго чейин болушу мүмкүн. Бул башка өлкөдөгү бааларга салыштырмалуу кымбат деле эмес".
Жергиликтүү тургундардын бири Жазгүлдүн билдиришинче, Ысык-Көл эс алуучуларды тосуп алууга 90 пайыз даяр. "Мен ушундай кереметтүү кыргыз жеринде тууулуп калганыма сыймыктанам. Чет өлкөдөн келген туристтерди, алардын кыргыз жерине суктанып жатканын көрүп абдан кубанам".
Учурда Чолпон-Ата шаарында конок үйлөрүнүн баасы 1 суткага 100 сомдон 300 сомго чейин турат. Бул баага тамак-аш кирбейт. Орточо эсеп менен бир адам күнүнө 600 сомго тамактанат.
Ал эми пансионаттарда 1 кишиге 600 сомдон жогору төлөнөт. Баалар жайкы сезондун күчөшү менен көтөрүлүшү мүмкүн.