Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 18-июнда Чолпон-Ата шаарында "Шериктештик балдары" аттуу IV Эл аралык форумуна катышты. Турсунбеков балдар менен чогуу тегерек столго катышып, мындай иш-чаралар шериктеш өлкөлөрдүн ынтымагын, достугун бекемдей турганын билдирди.
ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, быйылкы форум "Өз өлкөңдүн тематикалык жылы" темасына арналып, жыйынга Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайжандан келген балдар, КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү катышты. Форумдун алкагында балдардын ортосунда пикир алмашуу, тегерек столдор, ар кандай сынактар, мастер-класстар, интеллектуалдык жана спорт оюндары ойнотулду.