Мектептерди телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүгө 300 миллион сом көлөмүндө каражат каралган

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Билим берүү жана илим министрлигинин республиканын мектептерин телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүнү камсыздоо жөнүндө маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, мектептерди телеберүү аркылуу билим программаларына киргизүүгө 2016-жылдын бюджетинде 300 миллион сом көлөмүндө каражат каралган. "Кыргыз мамлекетинде 467 мектеп интернетке туташтырылган. Ал эми 1651 мектептин андай шарты жок. Быйыл 604 мектепти туташтырсак деген ойдо турабыз. Эгерде аймактарда бирдей сандагы мектептерди интернетке кошо турган болсок, анда дагы 200 миллион сом каражат талап кылынат", - дейт ал.

Андан сырткары ушу тапта "Билим ТВ" багыты боюнча видеосабактар даярдалганы, өкмөттүн чечими менен "Билим ТВ" атайын пакетке киргизилгени, мектептер ЭлТР телеканалы аркылуу кошулса боло турганы, ал үчүн ар бир мектепте экиден классты даярдоо зарыл экендиги белгилүү болду. Министр өлкө аймагындагы мектептерде 67 информатика мугалими жетешпей жатканын кошумчалады.

Тармактык комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев Азербайжан сындуу бир катар өлкөлөрдө мектептерди уюлдук компаниялар өз эсебинен интернетке туташтыра турганын, андай тажрыйбаны Кыргыз Республикасында да колдонуу жагын ойлонуштуруп көрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан