ЖЫЛНААМА, 20-ИЮНЬ: Атактуу англиялык футболчу Фрэнк Лэмпард 38 жашка толду

Англиялык футболчу Фрэнк Лэмпард бүгүн, 20-июнда 38 жашка толду. Футболчу Лондон шаарында төрөлгөн.

"Вест Хэм" клубунда тарбияланып, бул клубдун негизги курамы үчүн 1995-2001-жылдар аралыгында ойногон. 2001-жылы ал "Челси" футболдук клубунан чакыруу алып, 2014-жылга чейин ушул клубда ойногон. Бул жылдар аралыгында ал 648 оюн өткөрүп, 211 гол киргизген (клубдун тарыхында мынча көп гол киргизген футболчу боло элек). 2014-жылы ал "Нью-Йорк Сити" клубу менен келишим түзгөн. "Манчестер Сити" жана "Нью-Йорк Сити" клубдары бир ишкерге таандык долбоор болгондуктан, ортодо "Манчестер Ситинин" курамында оюн көрсөткөн.

Лэмпард карьерасында Англия курамасына дайыма чакыруу алып турган. Улуттук курам үчүн ал 106 беттеш өткөрүп, 29 ирет айырмаланган.

20-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан