Мындан 49 жыл мурун, 1967-жылы 20-июнда австралиялык жана америкалык актриса, ырчы, продюсер Николь Кидман Гавайинин борбору болгон Гонолулу шаарында төрөлгөн. Голливуддун эң бай актрисаларынын бири болгон Николь Кидман 1982-жылы 15 жашында "Рождество в лесу" тасмасына тартылып, дебют жасаган. Актриса 2003-жылы "Оскар", BAFTA сыйлыктарына арзып, 1996, 2002, 2003-жылдары үч жолу "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болгон.
49 жашын белгилеп жаткан актриса тууралуу кызыктуу маалыматтарды назарыӊыздарга сунуштайбыз.
1. Николь көпөлөктөрдөн коркот. Мындай өзгөчө фобия тууралуу баары эле айта бербейт, бирок белгилүү адамдар журналисттерден эч нерсе жашыра албайт эмеспи.
2. Дайыма тасмага дублёрсуз тартылат. Көпчүлүк Голливуд жылдыздарынан айырмаланып, актриса дублёрлордун кызматынан баш тартып келет. Жадакалса коркунучтуу трюктар учурунда да өзү тартылып, кээде жаракат алат. Кызыгы, актрисанын мурунку күйөөсү Том Круз да дублёрсуз тартылат.
3. Бүгүн актриса стилдүү жана сулуу айымдын символу болсо, мектепте окуп жүргөндө аны боюнун узундугунан шылдыӊдашып, гүлдүн сабагына теӊешчү. Чынында, актриса Том Круз менен иш-чараларга барганда боюнун узундугунан (180 сантиметр) бийик такалуу бут кийим кийчү эмес.
4. Үй-бүлөсү үчүн окуусун таштап салган. Колледже окуп жүргөндө апасы рак дартына кабылат. Ошол учурда үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн окуусун таштап, укалоочу болуп да иштеген.
5. Кидман өзүнүн жумушун жана ролун берилүү менен аткарат. Андыктан режиссёрлор жана кесиптештери аны менен иштешкенди жакшы көрүшөт. Бирок мындай нерсе актрисага кээде кыйынчылыктарды алып келет. Алсак, "Портрет леди" тасмасынан кийин актриса өзүнө келүү үчүн 2 жума төшөктө жаткан.
20-июндун жылнаамасы.