Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Союзбек Салиев дүйнөнүн 27 өлкөсүн жеңил учак менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө чейин кыдырып чыкмакчы. Бул тууралуу Союзбек мырза өзү SUPER.KG порталына кабарлады.
"Дүйнө жүзүн бир моторлуу жеңил учак менен кыдырып чыгуу балалыктан берки кыялым болчу. Эми аны ишке ашырууга мезгил келип жетти. Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын 27 өлкөгө сүйүнчүлөйүн деп тилек кылып жатам", - дейт ал. Буга чейин "Супер-Инфо" гезити Союзбек Салиевдин чакан учак жасап жатканы боюнча макала жарыялаган болчу.
Анын айтымында, аны менен кошо литвалык Йонас Жукнус да кошо учат. Литвалык жаран буга чейин жеңил учак менен дүйнөнү кыдырып көргөн. Анын тажрыйбасын эске алып, Союзбек мырза өзүнө штурман кылып дайындаган.
Союзбек Салиев батирин, унаасын саткан каражатка учак сатып алганын айтат. Аны атайын Франциядан күйүүчү май куюучу бакты кеңейтип жасатып чыккан.
10-июль күнү Салиев Токмоктогу аэродромдон учуп чыгат.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу кыргыз учкучу жеңил учак менен 27 өлкөнү кыдырмакчы. Бул тууралуу кененирээк "Супер-Инфо" гезитинин келерки сандарынан окуй аласыздар.