Өлкөдө көз карандысыз тергөө комитетин түзүү сунушталды

Өлкөдө тергөө комитети түзүлүшү мүмкүн. Тиешелүү сунушту бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жарандарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунда депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын бардык тергөө бөлүмдөрүн бириктирип бир тергөө комитетин түзүү керек. "Облустук бөлүмдөр райондук бөлүмдөргө баш болуп иштетишпейт. Облустук бөлүмдөрдү жоюш керек. Райондук бөлүмдөр болсо башкы орган менен түздөн-түз иштеши зарыл. Эгер бөлүмдөрдү бириктирсек жетекчилердин саны азаят, бюрократия жоюлат", - деди депутат.

Айта кетсек, 2015-жылы козголгон 75 кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке тартылган 111 адам акталган. 2014-жылы 106 кылмыш иши боюнча кармалган 173 адам акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ASMAN2016
2016-06-20 18:07:21
Кайдан кулак чыгарса,казанчынын оз эрки
-1
Alixan-Nookat.2015
2016-06-20 18:12:54
Каяктагы нерсени ойлоп чыгара бербегилечи
-2
zamir_kgz
2016-06-20 19:26:16
Эн туура кыласыз, мен сизге кошулам. РФ СК га окшоп иш барышса жакшы болмок. Ал эми кээ бир мындай иш менен байланышы жоктор же чычалагандар ар кыл коммент жаза беришсин.
-2
Rashinboy
2016-06-20 19:52:43
Так иш алып барышса сонун эле болот,анан эле бийликтин камчысы болуп калса анда жаман.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан