Кыргыз жеринде 2030-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салуучу мыйзам долбоору кийинки аптада Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин кароосуна киргизилет. Бул тууралуу 20-июнда SUPER.KG порталына мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Эмил Токтошев билдирди. Депутат акыркы жылдары кыргыз жерин байырлаган жапайы жандыктардын саны кескин азайып кеткенин, аларды сактап калууга жана көбөйтүүгө мыйзам аркылуу чара көрүү зарылдыгын айтат. Мыйзам кабыл алынып калса, өлкөнүн бардык аймагында аңчылык кылууга биротоло тыюу салынып, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жандыктарды жок кылгандар 3-5 жылга эркинен ажыратылат.