Эмгек мыйзамдарын өркүндөтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 20-июндагы отурумунда экинчи окууда каралып, жактырылды.
Депутат Максат Сабиров тарабынан демилгеленип жаткан аталган мыйзам долбоору 18 жашка чейинки улан-кыздарды кызматтык сапарларга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштөөгө, түнкү убакта, дем алыш жана майрам күндөрүндө жумушка, маданий-массалык иш-чараларга тартууга тыюу салат.
Кесипкөй спортчуларды кошпогондо өкмөт тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерин жана ата-энелеринин биринин (камкорчусунун) жазуу жүзүндөгү макулдугу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо чыгармаларды жаратууга жана аткарууга уруксат берилет.