Бишкекте облустук соттордун судьялары ант беришти. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустук сотторунун судьялары, ошондой эле Бишкек шаардык сотунун судьялары ант беришти.
Облустук жана Бишкек шаардык сотунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты. Ант берүү аземине Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева катышты.