Бишкек шаардык кызматтары борбор калааны көрктөндүрүү иштерин улантышууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Тазалык" жана "Жашылдандыруу" ишканаларынын кызматкерлери чөптөрдү чабуу, бадал кашааларын кыркуу, ирригациялык тутумдарды тазалоо, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагына гүл отургузуу иштерин аткарышууда.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районундагы Ауэзов көчөсүндө гүлдөр отургузулуп, Чүй кең көчөсүндө, Фрунзе, Токтоналиев, Ахунбаев, Юнусалиев, Сүйөркулов жана Лев Толстой көчөлөрүндө чөптөр чабылууда. Бул багыттагы иштер шаардын башка көчөлөрү боюнча да уланат.
"Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторду кызматкерлердин эмгегин сыйлап, шаарга жана гүлдөргө аяр мамиле кылууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.