21-июндан 24-июнга чейин айрым райондордо нөшөрлөгөн жаан жаап, катуу шамалдын жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-июнда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Ал эми 22-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт.
"Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоого кыйынчылык жаратат. Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.