Бишкекте "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайгүл Исакунова тарабынан "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору демилгеленип, азыркы учурда парламенттин расмий сайтында коомдук талкуудан өтүүдө.

Аталган маселе коом жана ар бир үй-бүлө үчүн өтө маанилүү болгондуктан, мыйзам долбоорун коомдук угууга чыгаруу чечими кабыл алынган. Коомдук угуу 24-июнда саат 14:00дө Жогорку Кеңештин имаратында өтөт.

Талкууга депутаттар, эксперттер жана жарандык активисттер катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан