Бишкек-Жаңы-Пахта каттамын маршруттук таксилер жетишерлик деңгээлде тейлешкендиктен, алардын саны көбөйтүлбөйт

Жаңы-Пахта-Бишкек жолунда жүргөн маршруттук таксилердин санынын аздыгынан тургундардын шаарга келиши оор экенин SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу 25-майда билдирген.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылы 23-сентябрдагы "Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарынын" негизинде бекитилген №519-токтомго ылайык, бүгүнкү күндө Бишкек-Жаңы-Пахта каттамындагы “КЖ-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 22 автоунаасы 15 мүнөттүк аралык менен жетишерлик деңгээлде тейлеп жатат. Ошол себептүү №327-каттамдын автоунааларынын санын көбөйтүүгө негиз жок деп эсептейбиз", - деп билдирди Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы Кудаяр Эсенбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан