Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында ички жол каттамдары калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Жол айыл аймагынын Разан-Сай айылынан 3 чакырым, Сары-Таш аймагынан 3 чакырым ал эми Жолборсту айылында 9 чакырым жолду сел алып кеткен. Натыйжада жол каттамы жабылып калган.
Сел кесепетинен жабыркаган ички жол каттамдары ӨКМнын жана Ак-Жол айыл аймагынын кубаттуу техникалары тарабынан толугу менен калыбына келтирилди.
Эскерте кетсек 17-июнь күнү таңкы саат 05:00 чамасында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Мындан тышкары чагылган соккусунан 120 майда мал жандык өлгөн.