СУПЕРСТАН: "40 жаштагы эркек кыз алат, 40 жаштагы кызды ким алат?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Канча жаштагы кыз кара далы аталат?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Жаш курагы жогорулап, бирок турмушка чыкпагандарды кара далы дешет. Мурун кыздарды 12-14 жашында турмушка узаткан учурда 18 жаштан жогоркуларды кара далы дешкен экен. Азыр 18 жашта мектепти бүтүп, ЖОЖго барып жатышат. Демек, кара далынын да жашы өзгөрүүдө. Кыздар билим алган сайын күйөөгө тийүүнү кечиктирип жатышат. Дүйнө элинин көз карашына токтолсок, Кытайда кара далы кыздын болжолдуу жашы 27де. Кореяда 30 жаштан кийин турмушка чыгам дегендер көп. АКШда 100 кыздын ичинен 4 кыз 40 жашка чейин турмушка чыкпаган болот экен. Орусияда да кесипчил кыздар көбөйүүдө. Дин жагынан караганда, 16 жаштан тарта турмушка узатуу керек дегенди укканым бар".

"Жаңылыктарды, окуяларды окуп жатып, азыркы убакта 18 жаштагы кыздар кара далы болуп калышат окшойт деген ойго келесиң. 13-14 жашар кыздар жигитинин машинасын айдап талкалап жатышса".

"Азыр бизде мектепти бүтүп, бир-эки жылдын ичинде турмушка чыкпаса, "кара далы болуп каласың" деп түрткүлөй башташат экен. Мен 23-25 жаш аралыгында турмушка чыгам деп ойлойм, мени элдин сөзү кызыктырбайт".

"Менимче, 30 жаштан ашып калгандарды айтса керек".

"Бизде азыр түшүнүк бир кызыктай эле болуп баратат. Менин эжем башка бир эжеме мени "качан турмушка чыгат экен, кара далы болуп баратат" деп айтыптыр. Ошондо ал эжемден көңүлүм калган. Анда мен 20 жашка толо элек элем. Анан эжем "Сиз эмне шашылып жатасыз, ал 20 жашка чыга элек. Сиз экөөбүз 22, 23 жашыбызда турмушка чыкканбыз" деп айтыптыр. Кийин 20га толгондо турмушка чыктым. Менин оюмча, 25 жаштан ашкандарды ошентсе керек".

"Мурда ойлочумун, 25, 26 жашта турмушка чыгам деп. Азыр 26 жашымда эки кыздын энеси болуп калдым".

"40 жаштагы эркек кыз алат, 40 жаштагы кызды ким алат?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Patriot..kg
2016-06-21 12:50:00
Менин оюмча 28 жаштагы кыздар кара даалв
-2
Inna_91
2016-06-21 13:23:01
Кара далы деген соз жок лейлекте отурган кыз ордун табат,Тапса да зорун табат.
+2
sna_kg
2016-06-21 13:47:13
40 жаштагы кызды 41 жаштагы байке алат
+8
Aiya-2012
2016-06-21 14:04:47
40 ta dele jash jigitke tiyse nege bolbosu!
+4
salimbek87.kg
2016-06-21 15:09:22
Эч кимди кара далы деп айтпашыбыз керек деп ойлоймун себеби тагдырга жазган кундо турмушка чыгат деп ойлоймун,жеке оюм менин.
+9
taalai9411
2016-06-21 15:22:27
Тема мааниси-окшошпой калыптыр бири бирине создор дал келбей мындай жазылыш керек эле 40тагы жигит кыз алат 40тагы кызды Ким алат ? Деп- ээ кыргыздын макалдарында туура жаза албайсынар
+2
Stervashka
2016-06-21 17:18:24
Турмуштун эрте кечи жок, кайсы жашта чыкса турмуш куржуну мойунга илинетта
+4
momun74
2016-06-21 17:19:02
Оой айта беретда жаза берет бул теманы алып чыккан бекерчилер кара далы дегег жок Аллахым кандай жазса ошондой болотда
+6
krem
2016-06-21 17:59:16
эрте тийип уйлонгондун кереги деле жок 30 жаштан кийин кара далы болушу мумкун бирок менин 33ко чыккан аяшым уйлонбой эле журот кара далы окшойт анда а
+1
nurdam
2016-06-21 19:13:08
40жаш эмне болуп калыптыр,куйоо жок болсо кумганга тийиш керекпи,кара далы болбоюн деп,мен 35жаштагы кызмын,оз оокатымды озум кылам,суйгонум 22жашымда таштап кеткен,ошондон бери эркектен конулум калган.
+4
Bazana
2016-06-21 21:27:00
nurdam,багыныз ачылсын,жакшы куйоо насип кылсын балалуу болунуз балалуу болгондон кийин озунузду ото бактылуу кимдир бироого керек экенизди сезесиз
+3
nargis
2016-06-21 20:14:40
Адам кандай жашап отконун жана ким экендиги козу откондо гана айтылат ага чейин кудай буйруганда болот ,мен 50го чыгып турмуш куруп балалуу болгон эжеге кубо болгом андыктан эч качан башкача же терс коз караш менен карабаш керек кудайдын буйруганы болот .
+2
Nyrbany92
2016-06-21 22:10:28
28 жаштагы кыздар кара далы болсо, 28жаштагы балдар ХХХ ХХХ
+3
admin_portal
2016-06-22 10:08:36
Nyrbany92, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан