2018-жылга чейин кыргыз авиакомпаниялары Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев Европа биримдигинин "кара тизмесине" кирген авиакомпаниялар, андан чыгуу үчүн учурда аткарылып жаткан иш-чаралар боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Эрмек Өмүралиевдин айтымында, учурда тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
"Европа биримдигининин "кара тизмесинен" чыгуу үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудиттеринен жана кыргыз өлкөсүндө иштеп жаткан авиакомпаниялар Эл аралык авиациянын текшерүүсүнөн ийгиликтүү өтүүсү зарыл. Анда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо жаатында керектүү иш-чаралар жасалып жатабы, эл аралык стандарттарга жооп береби деген маселелер каралат.
Андыктан бул жаатта Мамлекеттик жарандык авиация жана авиациялык компаниялар тиешелүү иш-чараларды аткарып жатышат. 2017-жылдын аягы же 2018-жылдын башына чейин кыргыз авиакомпаниялары Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгары күтүлүүдө", - деп билдирди Эрмек Өмүралиев.