Өкмөт жооп берет: Жеке ишкер катары маршруттук компанияны кантип ачам?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен жеке ишкер катары маршруттук компания ача аламбы? Ал үчүн кандай документтер талап кылынат? Мамлекеттен кандай лицензия алуу керек? Суроо калтырган: Omur21.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260-токтому менен бекитилген “Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" жобосунун 41-беренесине ылайык, жүргүнчү ташууну уюштуруу ишмердүүлүгүнө талап кылуучу иш кагаздар төмөнкүдөй:

- мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк;
- лицензиялык төлөм дүмүрчөгү;
- штаттык түзүм;
- автоунаалардын тизмеги (жүргүнчү ташуучу автобустардын);
- техникалык тейлөө жайынан техникалык кароодон өткөндүгүн тастыктоочу документ (же ижара келишими);
- жол коопсуздугуна жана экологияга жооптуу кызматкерлердин документтери.

Лицензияны алууга арыз тапшыргандан баштап 30 күндүн ичинде жогоруда жазылган иш кагаздар иликтенип жана текшерилип, лицензия берүү комиссиясы тарабынан чечилет.

Суроого КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан