Биз социалдык тармакта

Ленин районунда көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Борбор калаанын Ленин районунда көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун Ала-Тоо конушунда 79-үйдүн жашоочусу курулуш таштандыларын жана тамак-аш калдыктарын арыкка таштап салган. Мындан сырткары Манас кең көчөсүндөгү "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун айланасында курулуш таштандылары чогулуп, алынбай жаткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомуна, Ала-Тоо конушундагы 79-турак жайдын ээсине протокол түзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан