Жалал-Абад облусунда Кытай, Орусия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунда Кытай, Орусия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан бизнес-форум өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба багытында өткөрүлгөн форумда айыл чарба продукциялары жарманкеге коюлду. Иш-чарага Кытай, Орусия өлкөлөрүнөн атайын өкүлдөр катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева: "Өткөрүлгөн форумда айыл чарба багыты гана тандалып алынган. Өткөн жылы ишкердикти өнүктүрүү боюнча бизнес-форум өткөрүлгөн. Мындай иш-чараны өткөрүү менен дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларын чет өлкөгө сатууга шарт жаралат", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан