Кара-Суу районундагы Абдыжапар атындагы Ислам институтунун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ислам институтунун толук курсун ийгиликтүү аяктаган 31 студентке муфтият тарабынан атайын дипломдор тапшырылган. Аземге облустук казыят өкүлдөрү жана медресенин курулушуна салым кошкон жергиликтүү аксакалдар катышты.
Белгилей кетсек, аталган институт 1993-жылы ачылып, диний багытта билим берип келет. Бул окуу жайды бүтүргөндөр мечит имамы, медресе жетекчиси, райондук башкы имам, облустук казы жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү кызматтарын аркалай алышат.