Жер шарын айланып чыкмакчы болгон Союзбек Салиев жеңил учагын алып келүү үчүн Францияга кетти

Жер шарын жеңил учак менен айланып чыкмакчы болуп жаткан Союзбек Салиев Францияга жөнөп кетти. Ал жакта анын жеңил учагы өлкөлөрдү кыдырууга ылайыкталып даярдалып жаткан. Жакынкы күндөрдө учакты алып кыргыз мамлекетине келет. Бул боюнча Союзбек Салиевдин санаалаштары SUPER.KG порталына бүгүн, 21-июнда билдиришти.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты, учкуч Союзбек Салиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата Жер шарын жеңил учак менен айланып чыкмакчы болуп жатат. “27 өлкөгө эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болгонун сүйүнчүлөйүн деп жатам", - дейт ал.

Белгилей кетсек, түрк тилдүү элдердин арасында мекендешибиз биринчилерден болуп Жер шарын жеңил учак менен айланып учмакчы болуп жатат. 10-июлда Союзбек Салиев Токмоктогу аэродромдон учуп чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Futuro
2016-06-21 16:50:40
Жакшы экен. Бирок башка өлкөгө конуу үчүн пассадочный паласага акы төлөнөт да. Ошондо канча өлкөгө конот? Маршрутный схемасын айткан жокпу. Коштоочулар барбы? Экинчи пилот дегендей.
+2
Jonathan88
2016-06-21 17:29:06
Futuro- кечееги жанылыкты окуп чыксан ошондо толук маалымат жазылган
+1
Abdyrashit.Satylganov
2016-06-21 18:25:19
Аэропорттордон урсат алыптырбы? Кызык 27 өлкөгө канча төлөөр экен
+1
sherzatik
2016-06-21 18:51:47
Ийгилик коштоосунда!!!
+2
Ibi86kg
2016-06-22 00:25:21
Жыргалго жыргал, э мени да учсамбы деп жатам каражатын билиш керек????
0
bolsunalban
2016-06-22 04:37:44
Ак жол!
0
al-abu-kinesz
2016-06-22 10:53:37
Ак жол! Ушинтип оригиналдуулугубузду корсоткондор кобойо берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан