ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы жоюлганын 21-июнда SUPER.KG'ге Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Ош облусун жана Ош шаарын координациялоочу башкы башкармалык ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин буйругу менен 14-июнда эле жоюлган. Штатта 9 адам иштеп турган. Эми алар облустук жана шаардык башкармалыктарга орноштурулушат", - деди ал.
Буга чейин аталган башкы башкармалыкты Сүйүн Өмүрзаков жетектеп келген. Ал 9-июнда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган.