"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөсү Марипа Алыкулова бүгүн, 21-июнда өткөргөн маалымат жыйынында депутат Мээрбек Мискенбаевди мандаттан ажыратууну талап кылып чыкты. Анын пикиринде, "Кыргыз көмүр" ишканасы 2015-жылы Апрель окуясында жабыркагандарга жардам үчүн деп берген 2,3 миллион сомду депутат өз кызыкчылыгына пайдаланган. Марипа Алыкулова бул маселе боюнча чара көрүүнү талап кылып УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев менен КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго кайрылуу жолдогонун белгиледи.
Депутат Мискенбаев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу Алыкулованын айткандарын төгүндөп чыкты.
"Марипа Алыкулованын мага карата айткан дооматы негизсиз жана сөздөрүндө эч кандай логика жок. “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы боюнча көтөргөн маселеси чындыкка дал келбейт. Бул жерде жеке кызыкчылыктар бар. Анткени "Кыргыз көмүр" ишканасынан ири суммадагы каражатты уурдаган" деп айып менен кызматтан кеткен мурдагы жетекчилери менен Марипа Алыкулова тыгыз байланышта.
Мен буга чейин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштер боюнча парламенттин жыйынынан көтөрүп чыккам. Ошондон улам эски жетекчилер тарабынан ар кандай каралоо иштери жүрүп жатат.
Эгерде менин кайсы бир коррупциялык иштерге тиешем бар болсо, мыйзамдын чегинде жооп бергенге даярмын. Ал эми калп эле каралап жаткандар да жоопкерчиликти алышы керек", - дейт Мискенбаев.