ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: Азыркыга чейин атактуулугун жоготпогон советтик рок-музыкант Виктор Цой төрөлгөн

Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы 21-июнда атактуу ырчы Виктор Цой Ленинградда төрөлгөн. Бул ырчы тууралуу айтылчу сөздөр өтө көп. Убагында СССРди дүңгүрөткөн "Кино" тобунун солисти болгон Виктор 26 жыл мурун жол кырсыгынан каза болсо да, азыркы убакка чейин унутулбай, чыгармалары жаңырып турат. Анын ырларынын мазмунун түшүнүү оңой эмес, бирок ырчынын жоон үнү, ырдоо манерасы ал бул дүйнөдө бир нерсеге каршы тургандай ой калтырат.

Виктор Цой бир гана ырдабастан, сүрөт да тартчу. 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн чыгып кеткен. Мунун баары рок музыкасына кызыкканынан болгон. Анын убагында музыканын рок жанрына тыюу салынганына карабай, топ түзүп чыгармачылык жолун баштаган. Анын репертуарындагы кээ бир ырларын азыр да жаңыртып ырдап жүрүшөт. Ал ырлардын тизмеси менен таанышып алыңыздар:

12 жаштагы Даша Волосевич аткарган "Кукушка" ыры кыска мөөнөттө интернет тармагында бир нече миллион жолу көрүлгөн.

Ушул эле ырды орусиялык ырчы Полина Гагарина аткарып, "Севастополь үчүн согуш" ("Битва за Севастополь") тасмасына саундтрек болгон.

"О Боже, какой мужчина!" ыры менен сахнага кайткан Натали 1996-жылы "Звезда по имени Солнце" ырын ырдап чыккан. Анын аткаруусундагы ырды Виктор Цойдун угармандары жакшы кабыл алмак тургай сындашкан.

Цойдун "Звезда по имени Солнце" аттуу ыры Жердин аркы бетинде да англис тилинде ырдалып жүрөт. Америкалык ырчы Дэвид Браун гитара менен жакшы ырдап бере алган.

Цойдун чыгармачылыгына Түштүк Кореянын да "Yoon Do Hyun Band" тобу кайрылган. Алар ырчынын "Группа крови" ырын ырдашкан.

Атактуу рок ырчысы Земфира үчүн Виктор Цой өзгөчө музыкант экенин бир нече жолу айткан. Андыктан Земфира да анын ырларын ырдап жүрөт. Интернет ааламынан анын аткаруусундагы "Печаль" ырын табууга болот.

Виктор Цойдун чыгармачылыгын кыргыз жергесинде да сыйлап, ырларын угуп жүргөндөр аз эмес. Мекендешибиз Асхат Калбаев да алардын катарында. Ал Виктор Цойдун урматына "Виктор" тобун түзүп, учурда анын ырларын ырдап, Орусияда элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Топ башынан эле Виктор Цойду өзүнүн мугалими деп эсептеп, аны туурап чыгууну максат кылган.

Эскерте кетсек, "Виктор" тобу 2014-жылы 6-ноябрда Бишкек шаарында концерт коюп кеткен.
21-июндун жылнаамасы.

"Виктор" тобунун концерти Бишкекте! (1)
"Виктор" тобунун концерти Бишкекте! (2)
Полина Гагарина - Кукушка (OST Битва за Севастополь)
Дарья (Даша Волосевич) - В.Цой 'Кукушка' (Кавер)
Star Called Sun - Виктор Цой
Земфира - Печаль (Виктор Цой)
Натали - Звезда по имени Солнце (В.Цой)
Yoon Do Huyn Band - Группа крови (корей варианты)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан