Ош шаардык салык кызматы ири суммада салык төлөбөгөн компаниялардын атын коомчулукка жарыялады. Бул тууралуу Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынан бүгүн, 22-июнда Советбек Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, ири чарба ишин жүргүзгөн компаниялар арасында 100 миң сомго чейин мамлекетке салык төлөбөгөндөр бар. Алардын катарында "Центрум плюс" ишканасы 73 345 сом, "Кайрат-Алай" ишканасы 8718 сом, "Корпорация Бай Коом Сервис" 1524 сом мамлекетке салык төлөбөй келет.
Ишканалардан сырткары жашоочулар арасында да ири суммада салык төлөбөй жаткандар бар.