Prisma: Жаңы программа селфиден тажаган жаштардын көңүлүн буруп, аз убакытта популярдуу болду

10 күн мурун Орусияда кадимки смартфонго тартылган сүрөттү чебер сүрөтчү боёк колдонуп тарткан түргө алып келген тиркеме ишке кирген. Смартфондор үчүн иштелип чыккан тиркеме App Store`до 10 күн ичинде 1 миллион жолу көчүрүлгөн.

Тиркеме Орусия, Беларусь, Эстония, Молдова, Кыргыз Республикасы, Өзбекстан, Казакстан, Латвия, Армения жана Украинада популярдуу боло баштаган. Ошондой эле бул программага жогорку баллды АКШ жана Германиянын интернет колдонуучулары беришкен.

Тиркеме сүрөттөргө кошумча түс, боёк берүү, жаңы образ берүү үчүн колдонулат. Атайын нейробайланыштардын жардамы менен Prisma сүрөттөрдү "кайра тартып чыгып", түрдүү стилге келтирет. Тагыраагы, белгилүү сүрөтчүлөрдүн стилине келтирет. Айрымдар бул ыкма фотоаппарат кармап, өзгөчө сүрөт тартууга аракет кылган сүрөтчү менен сүрөткө түс берген дизайнерге болгон муктаждыкты бир топ азайтарын айтып чыгышты.

Төмөндөгү сүрөттөрдөн тиркеме кандай өзгөчөлүктөргө ээ экенин байкоого болот. Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү жана башка интернет колдонуучулардын Prisma тиркемесин колдонуп жасалган сүрөттөрүн назарыңыздарга сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aseras
2016-06-21 19:44:44
Коруш керек экен))
+1
Il9s
2016-06-21 20:43:12
андроиддерге июлдун башында чыгат экен...
0
abdygany.gani
2016-06-21 20:55:51
Программанын толук аталышын жазып коёсунарбы super.kg
+2
Patriot..kg
2016-06-21 21:30:54
Охоо жакшы нерсе окшойт
+1
ilgis1991
2016-06-22 00:33:52
супер инфо-мезгилден артта калбаныз!деген ушу да.
0
uluk06
2016-06-22 03:21:28
Приложениянын аты кандай
0
abdygany.gani
2016-06-22 04:12:11
Аны муну койгула super.kg замандан артта калбайлы,батыраак аталышын тапкыла.
0
elmurat.kg
2016-06-22 04:14:12
июлдун башында чыгат экен андроид программа ..супер чыкканда кабарлап коюнуздар...
0
Barca7073
2016-06-22 04:59:00
Prisma деп жазылып турат го айланайындар
0
KaiMak
2016-06-22 05:08:09
Barca7073,чыкпайтата да
0
Usow
2016-06-22 10:00:49
Придложение 24-июндан баштап иштейт экен
0
askar_myrza
2016-06-22 18:02:21
Оооо мага иштедиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан