Акын, котормочу Турар Кожомбердиевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 22-июнда 75 жашка толмок. Ал 1941-жылы Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуу менен баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмасында, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген.
1959-жылдан баштап ырлары мезгилдүү басма сөз беттерине басыла баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы 1961-жылы "Көлчүктөгү ай" деген ат менен басмадан чыккан. Кыргыз тилинде 20га жакын, орус жана башка тилдерде 5 жыйнагы басмадан жарык көргөн. Н.Думбадзенин "Мен күндү көрүп турам" деген повестин жана В.Незвалдын ырларын кыргыз тилине которгон. "Кызыл алма" жана "Таңкы симфония" ырлар жыйнактары үчүн республиканын Ленин комсомолу сыйлыгын алган.
Анын айрым ырлары орус, украин, казак, беларусь, молдован, азербайжан, литва, латыш, өзбек, татар, хакас, француз жана англис тилдерине которулган. Акындын 70тен ашык ырына обондор жазылып, ал чыгармалар эл ичинде ырдалып жүрөт.