Чүй өрөөнү жер иштетип, дыйканчылык менен алектенүүгө ылайыктуу жер. Башка аймактарда 2 чабык чөп чабышса, Чүйдө чөп 3-4 чабык чабылат. Чүй талаа жумуштары кызыганда өлкөнүн көпчүлүк аймактарынан дыйкандарды, тракторлорду, комбайндарды чогултат. Мисалы, Нарында чөп баштала электе тракторчулар унаасын "тыртылдатып" акча иштеп келүү үчүн Чүйдү көздөй жөнөшөт.
Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келип, жерди ижарага алып, дыйканчылык кылгандар көп. Сөз өлкөнүн түштүк аймагынан келген дыйкандар тууралуу болмокчу. Жалал-Абаддан келген каармандарыбыз Сокулук районунан жерлерди ижарага алышкан. 1 гектар жердин ижара акысы 20 миң сомду түзөт деген дыйкандар талаада жашап, тиричилигин ушул жакта өткөрүшөт.
"АЙЫЛДА СУУ ТАРТЫШ, ЖАШОО ТАТААЛ. ОШОЛ СЕБЕПТҮҮ ЧҮЙГӨ КЕЛДИМ"
Жалал-Абад облусунан келген Үмөталы Молтоев 10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Тиричилигин талаада өткөргөн дыйкан курсакты ушул жактан тойгузуп, ушул жакта алачыкта жашайт. "Биз Жаңы-Жол айыл аймагынын Терс айылынан келгенбиз. Айылда суу тартыш. Жашоо татаал. Быйыл помидор, кызылча эктим. Бир жылы жакшы пайда тапсак, бир жылы дыйканчылыгыбыз жакшы болбой калат. Быйыл күндүн ысыгынан помидорлорго белгисиз оору жабышты", - дейт Молтоев. Ал бул талаада жалгыз жашабайт. Жанында небереси жана кемпири бар.
"ЗАВОД-ФАБРИКАЛАР КУРУЛСА, БӨТӨН ЖЕРДЕ ЭМЕС, ТУУЛГАН АЙЫЛДА ЭЛЕ ИШТЕЙТ ЭЛЕК"
Дыйкан Абдыхалил Баймырзаев дагы Жалал-Абаддан келген. Ал 1 гектарга жетпеген жерге (0,75 га) помидор айдаган. Жашы өтүп, дыйканчылык менен турмуш өткөрүү ага кыйын болуп баратканын белгилейт. "Айылда жумуш жок да. Элет жеринде завод-фабрикалар курулса, туулган айылыбызда эле иштейт элек, жаш өткөндө бөтөн элде жүрбөй. Кемпирим менен өмүр бою талаа жумушун жасап келатам. Жолдон ары-бери өткөн кымбат унааларды көрүп, унаа ээлерине өзүмдү салыштырып кейип кетем. Айла жок. Быйыл күнөсканага бадыраң айдадым, кошумча каражат болобу деген ойдо", - дейт Абдыхалил ага.
"5 АЙ КАЗАНГА ЖАБЫЛГАН НАНДЫ ЖЕП, ТАНДЫРДЫН НАНЫН САГЫНЫП КАЛАБЫЗ"
Дыйкандардын айрымдары тандыр жасап алышса, айрымдарды нанды казанга бышырып жешет. Тандыры барлары деле аба ырайы жаан-чачындуу болгондо казанга бышырышат. Үмөталы Молтоев казанга жабылган нанды 5 ай бою талаада жашап жүрүп жегенден кийин тандыр нанын кадимкидей сагынып каларын айтып берди.
Буга катар тамак жасаганга очок, мүмкүнчүлүгү барлары газ колдонушат. Дыйкандар жуунуучу жайды помидор талаасынын так ортосуна жасашканын көрдүк. Мүмкүнчүлүгү барлар вагон коюп алышкан. Алар ошол жайда жуунуп, тамактанып, анын ичинде күн өткөрүшөт. Аларды карапайым дыйкандар "элитный дыйкандар" деп тамашалап калышат.
ТАЛААЛАП ИШТЕП ЖҮРҮП КАРЫЗГА БАТКАНДАР ЖОК ЭМЕС
Дыйкандардын бир жылдык кирешеси 100 миң сомдон 150 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Айрым учурларда ижаранын акысын араң төлөгөн учурлар болот. Жер акысынын жарымын жыл башында, жарымын түшүм жыйналганда төлөшөт. Жерди айдатуу, малалоо - ал жер акыдан башка чыгым. "Түшүмдү карап, бышырып, жыйноо менен эле түйшүк бүтпөйт. Аны сатуунун өзүнчө кыйынчылыктары бар. Бизге окшогон дыйкандар көп. Помидор арзандап кетет. 7-8 чакырым аралыкты басып, Бишкектеги "Дыйкан" базарына алып барып сатабыз. Чыгымды актабай калабы деп сарсанаа болобуз. Жердин ижара акысы кымбат", - деди Абдыхалил Баймырзаев.