Кечээ, 21-июнда Бишкектеги Курманжан датка эстелигинин маӊдайында Эл аралык йога күнүнүн урматына йоганы сүйүүчүлөр үчүн атайын майрамдык иш-чара уюштурулду. Кыргыз Республикасындагы Индия элчилиги жана Бишкек мэриясы уюштурган иш-чарада атайын чакырылган конокторду, йога менен алектенүүнү сүйгөн шаар тургундарын жана Индия элинин өкүлдөрүн жолуктурууга мүмкүн болду. Алгач йога менен алектенген профессионал чеберлер өнөрүн көрсөтүштү, андан соӊ жалпы катышуучулар атайын йога чеберинин көрсөтмөсүндө йога менен машыгышты. Соӊунда чакан концерт тартууланды.
Йога чебери Субал Према майрамдык иш-чара тууралуу буларга токтолду:
"Бул күн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган. Азыркы мезгилде 177 өлкө, анын ичинде биздин өлкөдө да белгиленет. Йога ден соолукка пайдалуу, адамдын ички дүйнөсүн тазалап, жакшы жакка өзгөртө алат. Жакында эле Йога күнүн утурлай аймактарды "Йога кербени" менен кыдырып келдик. Эл арасында йогага кызыгуу күч экени байкалды. 21-июнь эӊ узак күн болгондуктан, Йога күнү деп кабыл алынды. Бишкекте мындай иш-чара экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Өзүӊүздөр көргөндөй, бул искусство менен алектенгендер көп экени байкалып турат. Биздин максат - кыргыз элинин ден соолугу чыӊ болуп, йоганын пайдалуу жактарын өздөрүнө алса деген жакшы тилек".
Белгилей кетсек, "йога" сөзү Индиянын байыркы тилинен (санскрит) алынган, которгондо “көнүгүү”, “биригүү”, “гармония” дегенди түшүндүрөт. Йога – индуизм философиясынын негизги багыттарынын бири.
Йога адамдын жашыруун таланттарын, мүмкүнчүлүктөрүн, медитация (сүкүт тартуу), туура тамактануу, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо аркылуу ачууга багытталган. Алгачкы жолу Индия адабиятында сакталып калган байыркы “Ригведе” эстеликтеринде кездешет. Учурда йога менен алектенгендер Европа өлкөлөрүндө, АКШда, Бразилия, Аргентинада көп. Акыркы мезгилде араб өлкөлөрүнөн башка Орто Азияда: Казакстан, Кыргыз Республикасы, Тажикстан, Өзбекстанда йогага кызыгуу күч экени байкалууда.